Бишкек.01.05.2019.Govori.TV
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-Май эмгек күнү менен куттуктады.
“Бул майрам биздин тарыхтын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Чынчыл, ак ниет эмгек – бардык коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи экендигине мен терең ишенем. Ал ар кандай кесиптеги, курактагы жана түрдүү улуттагы элдерди бириктирет”-дейт премьер-министр.
Өз куттуктоосунда премьер-министр “Ушул күнү өзгөчө ыраазычылыгымды биздин урматтуу ардагерлерибизге билдиргим келет, алар өмүр бою эгемендүү Кыргыз Республикасынын бакубатчылыгы үчүн эмгектенип келишти”, -деп кошумчалады.