• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүүнү сунуштады

1 Бугу 201910:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.05.2019.Govori.TV.

Быйыл евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгы жана Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлушунун беш жылдыгын белгиленет. Бул мезгил аралыгында Биримдиктин укуктук базасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, институттун өзүн күчтөндүрүү жана улуттук мыйзамдарды шайкештөө боюнча чоң иштер жасалды.

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында“Өз ара аракеттердин жаңы форматтарын түзүү, ошондой эле чоң Евразия өнөктөштүгү идеясын өнүктүрүү иштин негизги багыттарынын бири болуп саналат, ал ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди келечектүү өнүктүрүү жөнүндө Декларацияда бекитилген”-деп билдирди. 

Маалым болгондой, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө көпчүлүк экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалган. Иштин натыйжалуулугу жана ЕАЭБ алкагында оңдуу өзгөрүүлөр конкреттүү сандар менен бекемделип, өз ара сооданын өсүүсү 9,2%, тышкы соода 18,8% жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо 26,8% пайыз болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл көлүнүн жээгинде өткөрүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 12