• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптаган арыз коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелди

11 Аяк оона 2020 22:38 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптаган арыз коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелип, чогуу териштирилип жатат. Бул тууралуу арызды жазган адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратуранын жооп катына таянып, 11-сентябрда «Азаттыкка» билдирди.

Адвокат Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү, өзгөчө оор кылмыш катары иш козгоп, жоопко тартууну суранган.

Жактоочунун арызы Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козгогон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында каралып жатканы белгилүү болду.

«Ошол кылмыш ишине өзүнчө арыз катары кошуптур. Канча киши ошол күндөрү кайтыш болду? Мен өзүм жубайым менен ооруканага абдан катуу ооруп түшүп калдык. Ошол эле ИВЛ аппараттары, концентраторлор жана ооруканаларда орун жетишпегендиктен, ошол кезде өкмөттү башкарган Абылгазиев болчу, «шалаакы мамиле» деп арыз жазгам», — деди Хасанов.

Башкы прокуратура адвокатка жөнөткөн катта өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Коронавируска каршы ыкчам штабдын оорунун жайылышына жол бербөө, ооруканаларды даярдоо багытында тийиштүү чара көрбөгөн жооптуу кызмат адамдарына карата «Шалаакылык» беренеси боюнча териштирүү 6-майда башталганы жазылган.

Ошондой эле 6-майда Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендерде кайсы бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн айрым кызмат адамдарына карата Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча да териштирүү жүргүзүлө баштаганы катта белгиленген.

Жогоруда аталган эки ишти тергөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) тапшырылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы адвокат Хасановдун арызына жогорудагыдай мазмунда кат жүзүндө жооп берилгендигин ырастады.

Мурдагы премьер-министр Абылгазиев кызматтан 15-июнда кеткен. Өкмөттүн басма сөз кызматы 8-июлда «Хасановдун айткандарын Мукаммедкалый Абылгазиев негизсиз деп эсептейт. Ушундан улам анын дооматына жооп берүүнүн кажети жок» деп билдирген.

1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү сунуш кылган.

Финполиция эки иштин негизинде мурдагы кызмат адамдарын бир нече жолу суракка алган.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 84