• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

8 Чын куран 202511:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзам “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамын КР кылмыш-жаза жана жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Мыйзамда “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөндөгү мазмундагы пункттар менен толуктоо каралган:

– террористтик ишти каржылоо;

– көпчүлүк алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырууларды жасоо;

–  уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо;

–  курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;

–  диверсия. 

Ошентип, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр менен “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” КР мыйзамы кылмыштардын жаңы түрлөрү менен толукталууда, атап айтканда: террористтик ишти каржылоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды жасоо, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле диверсия. Бул кылмыштар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253, 255, 263, 267 жана 325-беренелеринде каралган жана алар жасалган учурда мунапыс колдонулбайт.

Количество просмотров: 287