Париж шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынды.
Ал Кыргызстанга келгенде мамлекет тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланат. Башкача
айтканда ага 7 млн сом ыйгарылат.
Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 млн сом, күмүш медаль уткан
спортчуга 7 млн сом, коло медаль уткан спортчуга 5 млн сом берилет.
Башкы машыктыруучу үчүн спортчунун акчалай сыйлыгынын 30%ы, ал эми улук жана жеке
машыктыруучу үчүн спортчунун акчалай сыйлыгынын 25% өлчөмүндөгү сый акы берилет.
Жеңүүчүнүн биринчи машыктыруучусу спортчунун сыйлыгынын 10%ы өлчөмүндөгү сый акы
алат. Медицина кызматкерлерине төлөнүүчү төлөмдөр Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн
жалпы байге фондунун 10%ын түзөт. Ошондой эле жеңүүчүлөргө эки батир жана «Тойота»
үлүгүсүндөгү автоунаа убада кылынган.