Балыкесир провинциясындагы Сындыргы районунда 22:48де болгон жер титирөөнүн күчү 6,1 магнитуданы түзгөн.
Бул тууралуу Анадолу мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар башкармалыгынын сайтындагы маалыматта күчү 6,1 магнитуданы түзгөн жер титирөө катталганы жазылган.
Жер титирөөнүн күчү Мармар жана Эгей аймагындагы калктуу конуштарда, Стамбул жана Измирде сезилди. Силкинүү 5,99 км тереңдикте болгон.