Муниципалдык инспекциянын башчысы «Царикаев» деген ат менен таанымал Мирлан Талайбеков сабалды.
Айрым ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, анын жаагы жана тиши сынган, башы, колу жана буту сыйрылган. Ал медициналык текшерүүдөн өтүп, ооруканада дарыланат.
Милициядан кечээ Таалайбеков жана «Тойота» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгонун айтышты. Маалыматта унаадан экөө чыккан, анан дагы экөө келген, төрт адам Таалайбековду жарыксыз жерге алып барып сабашкан. Шектүүлөр кармалганы кошумчаланды.