• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Мурас” футбол турнири. “Ден соолук” командасы жеңүүчү аталды

28 Бугу 2023 17:07 Бишкек Govori.TV

“Мурас” футбол боюнча достук турниринде “Ден соолук” командасы “Спорттук федерациялар” командасын утуп, жеңүүчү аталды.

Эки таймдын соңунда эсеп 1:1 болуп, пенальтилер сериясы жарыяланды. Пенальтилердин жыйынтыгында эсеп 4:1 болуп, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн командасынын пайдасына чечилди.

Белгилей кетсек, “Президенттин командасы” “Мурас” футбол боюнча достук турниринин коло байге ээси болду.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” футбол боюнча достук турниринин финалдык беттештери өттү. Турнир Кыргызстандын футбол биримдигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, жылына эки жолу өткөрүлөт.

Количество просмотров: 89