Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
Бишкек шаардык соту УКМК мурунку башчысы Мурат Суталиновдун жактоочуларынын Ленин райондук сотунун чечимине карата жазган арызын карап чыкты.
Соттук процесстин жүрүшүндө Суталиновдун оорусуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурун абактан чыгаруу сунушу киргизилген.
Адис Момуналиевдин төрагалыгы алдындагы соттук коллегия Суталиновдун диагносун тактоо үчүн дарыгерди суракка чакыруу чечимин кабыл алышты.
Мурат Суталиновдун тарапташтары сотто башаламандык болуп жатканын айтып чыгышты.
Эске салсак, УКМК мурунку башчысы Мурат Суталинов 25 жылга эркинен ажыратылган.