• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасын кабыл алды

20 Чын куран 2023 16:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыргыз тилинин абалы, анын өнүктүрүүнүн келечеги жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Каныбек Осмоналиев мамлекет башчысына 2021-2025-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди жакшыртуунун жүрүшү тууралуу сөз кылды.

Ал ошондой эле Улуттук комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү жана пландары, тактап айтканда, түрдүү иш-чараларга, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга даярдыктар боюнча айтып берди.

Мындан тышкары, Каныбек Осмоналиев талкууланып жаткан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Ал мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгилеп, бардык жарандар тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Ошону менен катар мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 80