Кыргызстандагы «Сабаттуу жазуу» деп аталган жат жазуу акциясына катышкан мамлекеттик кызматкерлердин 30-40 пайызы төмөн баа алып жатышат. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.
«Сабаттуу жазуу аталышындагы иш-чара өткөрүп жатабыз. Анын алкагында бүгүн 11 министрликтеги кызматкерлер жат жазуу жазышты. Жалпысынан айтканда 30-40 пайызы төмөн баа алышууда. Ошол эле атайы тест каралган. Мени таң калдырганы кечээ эле орус тилинде сүйлөп жүргөн уул-кыздарыбыз тесттен сабаттуу өтүп жатышат. Демек, мажбурлаш керек экен да. Кыргызстанда туруп, кыргыз тилинде тест тапшыруунун өзү уят. Деген менен башка аргабыз жок»,-деди Осмоналиев.