• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурда Максим Бакиевге таандык Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионаты өрттөндү

11 Бештин айы 2017 18:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2017. Govori.TV.

Бүгүн түшкү саат 14.15те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Витязь» пансионатынын корпусу күйүп жатканы туурасында ӨКМге маалымат түшкөн. Бул боюнча ӨКМнин маалымат кызматынан кабарлашты.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/404881759940695/

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 14.15те түшкөн. Аны өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 16:15те өрт чектөөгө алынды.  Азыр толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Эскерте кетсек, Витязь» пансионаты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиев мыйзамсыз менчиктештирип алган деген негизде 2010-жылы бийлик алмашканда улутташтырылган. Эс алуу жайы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында болчу.

Быйыл июнда Ысык-Көл жээгиндеги «Витязь» пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 5