• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, качып кеткен жаран Өзбекстандан кармалды

17 Тогуздун айы 202213:47 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында өзүнүн мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, качып кеткен жаран Өзбекстандан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстандын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш-аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди.

Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыштуу окуя ушул жылы 3-октябрда Ош шаарында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган.

Количество просмотров: 89