• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурдагы депутат Максат Кунакунов Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу кайрылуу жасады

18 Бирдин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 18-февралда «Конституциялык принциптер мамлекеттин кебелбес негиздери» аталышындагы тегерек стол өттү. Анда учурда каралып жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Тегерек столдо экс-депутат Максат Кунакунов Садыр Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу кайрылуу жасады.

«Кыргызда жакшы сѳз бар: «Шашкан шайтан иши». Эл менен терең акылдашып, кандай суроо-талаптар бар экенин аныктап туруп анан ишке кирүү керек. Анткени, Конституция бул коом менен бийликтин келишими. Шашып кабыл алынган Баш Мыйзам керектүү мыйзамдуу экспертизалардан ѳтүш керек, Конституциялык палатадан ѳтүш керек, Аткаруу бийликтин экспертизасынан ѳтүш керек. Бул бийлик менен карапайым адамдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган негизги документ. Ар бир парламенттик талкуулоонун ортусунда эки ай ѳтүш керек жана бүткүл элибиздин коомчулугу менен кеңешип чыгыш керек»,-деди Кунакунов.

Количество просмотров: 175