• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

15-августтан 18-августка чейин ИИМ кызматтарын көрсөтүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди

14 Баш оона 202521:38 Бишкек Govori.TV

15-августтан 18-августка чейин Ички иштер министрлигинин кызматтарын көрсөтүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

 2025-жылдын 15-августунда кечки саат 20:00дөн баштап, 18-августтун түнкү саат 00:01гө чейин маалыматтарды жаңы серверлерге көчүрүү боюнча техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу, “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри”   жана “Укук бузуулардын автоматтык түрдө фиксациялоо”   автоматташтырылган маалыматтык тутумдары убактылуу жеткиликтүү болбойт.  

Көрсөтүлгөн мезгилде бардык расмий онлайн-сервистерде: 

-транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди кабыл алуу жеткиликтүү болбой калат; 

 Иш аяктагандан кийин, укук бузууларды каттоо https://erpn.mvd.kg шилтемеси аркылуу жүргүзүлөт, колдонуучулардын логиндери жана сыр сөздөрү өзгөрүүсүз сакталат.  

  Ички иштер министрлиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандарды мамлекеттик кызматтарды алууну мерчемдөөдө бул маалыматты эске алууну өтүнөт. 

Количество просмотров: 177