Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрайымы кызматына дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлмира Абдралиева 10-августта башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулган.
Абдралиева ушул жылдын февраль айынан бери министр кызматында иштеп келген.