• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мурдагы премьер-министр Апас Жумагуловдун суракка чакырылганы айтылды

24 Баш оона 2021 11:16 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн 1993-1998-жылдардагы премьер-министри Апас Жумагулов суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокат Канат Хасанов өздүк булактарына таянуу менен Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Жумагулов «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылган.

УКМК маалымат такталып жатканын кабарлады.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана башка жогорку кызмат адамдарынын «Кумтөр» боюнча кылмыш иши тууралуу кеңири маалымат тараткан.

Атайын кызмат мекемелер аралык тергөө тобу Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдерди түзүүнүн жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө жүргүзгөн. УКМК тергөөдө топтолгон далилдерине таянып, Кумтөр кенин иштетүүдө келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө «Камеко» жана «Центерра» компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупция болгонун билдирген.

Атайын кызматтын маалыматында, 1992-жылы алтын кени боюнча башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мурдагы президент Аскар Акаев, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген.

Количество просмотров: 593