• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мурдагы премьер-министр Финполго сурак берүүдө

21 Тогуздун айы 2020 13:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип жатат. Суракка келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берген Абылгазиев мекеме күбө катары чакырылганын, бирок кайсы иш боюнча экени боюнча кабары жок экенин айткан.

«Өкмөттү жетектеп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин, тергөөнүн калыс жүрүшүнө ишенип турам», — деди Абылгазиев.

Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Количество просмотров: 165