• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев реанимацияда жатат

28 Үчтүн айы 2019 8:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аргынбек Малабаев түшкөн «Тойота Лэнд Крузер» автоунаасы 27-январдын кечинде Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Арасынан мурдагы министр Аргынбек Малабаев реанимацияда экени кабарланды.

Кырсыкка кабылгандар тоого аңчылыкка чыкканы маалымдалды.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 14