• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

«Мурдагылардын каталарын кайталабайм». Жапаров инвестиция боюнча сынга жооп берди

30 Бештин айы 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

Мындан бир нече кун мурун президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлорго жана мамлекеттик орган кызматкерлерине кайрылып, анда өлкөдөгү инвестициялык климатка жолтоо болгон айрым жагдайларга токтолгон. Бул республикадагы ишкерлик, сырттан келген инвесторлордун өлкөбүзгө кызыгуусу боюнча жаңы талкууларга жем таштады. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Ал жигит маалыматы жок болгондон кийин сын-пикир айтпай эле койсо болмок. Система эң сонун түзүлгөн. Ошол үчүн, Кудайга шүгүр, инвесторлор жайнап келип атышат. Инвестиция боюнча атайы өзүнчө агенттик түзүлгөн. Алар тыгыз иштешүүдө. Андан сырткары, Экономика жана коммерция министрлиги дагы инвесторлор менен иштеп атат. Аймактарда дагы иш жүрүүдө. Негизи жаман эмес, жакшы эле. Болгону анча-мынча алдамчылар сырттан келген инвесторлорду алдап койгон фактылар болуп жатат. Мисалы, кечээ жакында эле 20 млн доллардан ашык сумманы инвестордун өзүнө чыпчыргасын коротпой кайтартып бердик. Эми дагы бир ишкер россиялык инвестордун 14 млн долларын алдап алыптыр. Аны кайтартуу процесси жүрүп жатат. Дагы майда- чүйдө мындай фактылар көп. Мага түшкөн арыздардын көптүгүнөн улам соцтармактагы баракчамдан инвесторлорго кайрылуу иретинде билдирүү жазып койдум. Анан эмне кылайын? Тиги жигиттин ою боюнча, былтыйып олтура берейинби? Мурдагы президенттерди дагы ушундайлар бузган. “Сиздин деңгээлиңиз эмес, сиз бийиксиз, майда-чүйдөлөргө көңүл бурбашыңыз керек” деген сыяктуу сөздөрдү кулагына куя беришип, тигилер: “ии, чын эле мен кийлигишсем, уят экен, менин ишим эмес турбайбы” деп көптөгөн адилетсиз иштер болуп адашкан. Мен алардын катасын кайталабашым керек. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” дейт. Ар бир майда-чүйдө болсо да иштерди көзөмөлдөп, туура, адилеттүү чечип берип, инвесторлорду коргоп турушум керек. Биздин бир миллиондун тегерегинде жарандарыбыз сыртта жүрүшөт. Алардын арасында жеке өздөрү инвесторлорду тартып келишкен фактылар бар. Анан эле келишимдери аткарылбай алданып калышса бизге кайрылып жатышпайбы. Ошол үчүн инвесторлорго биринчи кезекте өкмөттүк мекемелер менен иш алып барганга басым жасагыла деп кайрылдым. Биринчи кезекте ички инвесторлорго колубуздан келишинче жардам беребиз. Себеби ички инвесторлордон көбүрөөк пайда болот. Анткени, ички инвесторлордун тапкан таза кирешелеринин баары мамлекеттин ичинде калат. Бирок, тилекке каршы, ички инвесторлордун арасында ири инвесторлор аз. Биздин көпчүлүк байларыбыз акчаларын сыртта сактап келишет. Ошол үчүн “Кирешелерди адалдаштыруу жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бердик. Азырынча эч ким деле аны пайдаланып, “легализация” кыла элек. Легализация кылышса анан сырттагы акчаларын алып келишет. Жаңы жылдан кийин биринчилерден болуп мен өзүм баштап легализация кылып берейин деп атам. Менин сыртта сактаган акчам жок. Өлкө ичиндеги мурда өзүмө катталбаган мүлктөрүмдү гана легализация кылам. Ал эми сыртта акчасы бар байларыбыз легализация мыйзамын пайдаланып, акчаларын алып келип, ар кайсы тармактарга инвестиция кылышат деп күтүп атабыз», — деген ал.

Количество просмотров: 199