• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурунку вице-премьер Исмаилова суракка кирди

26 Үчтүн айы 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 26-январда Экономикалык кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына келди.

Исмаилова кайсы иш боюнча суракка чакырылганы азырынча так себеби белгисиз. Бирок вице-премьер-министр болуп турганда саламаттыкты сактоо тармагын жана коронавирус пандемиясына каршы даярдык көрүү иштерин көзөмөлдөгөн.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан.

Ошол эле чурда мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да бүгүнкүгө суракка чакырылганы айтылды.

Количество просмотров: 99