• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мурзалиева: Билим берүү тармагында аялдардын саны көбөйсө дейм

8 Тогуздун айы 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Аймактым Мурзалиева.

«Учурда Баткен шаардык кеңешинин 7-шакырылышынын депутатымын. Ошондой эле Баткен мамлекеттик университетинин  гуманитардык-экономикалык факультетинин деканы болуп эмгектенем. Жаңы конуштардагы таза суу тартыштыгы, бала бакчанын жоктугу сыяктуу көйгөйлөрдүн үстүндө иш алып бардым. “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында уюштурулуп жаткан окутуу иш-чарасына жакшы максаттар менен келдим»,-деди Мурзалиева.

Количество просмотров: 68