Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тасманы КСДП таратты. Тасмада «»Форумдун» IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.
Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалады.
УКМК бул тасмага карата эч кандай комментарий бере элек.
Булак: Азаттык