• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мусакеевдин тарапташтары нааразылык акциясына чыгышат

27 Бугу 2019 9:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

УКМКнын 9-башкармалыгынын мырдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жактоочулары Ысык-Көлдө нааразылык акция өтөөрүн маалымдап жатышат. Акцияны уюштуруп жаткан «Акыйкат үчүн күрөш» деп аталган кыймылдын башчысы Айбек Жаңыбаев «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүн, 27-майда Мусакеев туулган Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өткөн аптадагы нааразылыктын уландысы болот.

24-майда Дамир Мусакеевдин жердештери Бөкөнбаев айылында топтолушуп, аны камактан бошотууну талап кылышкан. Ошол күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынган.

Мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгон Дамир Мусакеев өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атаган. Анын тарапкерлери Бөкөнбаевде 16-майда да митинг өткөрүшкөн.​

Количество просмотров: 21