Кыргыстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан кыргыз мушкери жарым финалда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калды.
Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.