• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Муз тебүүчү эс алуу жайлары текшерүүгө алынат

18 Үчтүн айы 201811:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv

Кооптуу өндүрүш обьектилери,тактап айтканда кыш мезгилинде муз тебүүчү эс алуу жайлары Мамэкотехиснпекция тарабынан текшерүүгө алынып турат. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Алгачкы текшерүү иштери кыш мезгили башталып,муз тебүү сезону ачыла электе көзөмөлдөн өтөт.

«Талап боюнча Тоолордогу муз тебүүчү эс алуу жайларында, атайын муз тебүү эрежелерин үйрөтүүчү инструкторлор жана биринчи тез жардам көрсөтүүчү адистер,ошондой эле ыкчам жардам көрсөтүүчү куткаруучу тайпа болушу керек. Эгерде Мамэкотехинспекциянын көзөмөлдөөчү талаптарына ылайык келбесе, эс алуу жайлары иш жүргүзүүгө уруксат ала алышпайт.Ал эми Бишкек шаарынын чет жактарында жайгашкан бөксө тоолордогу өз алдынча муз тебүүчү жайларга айланган көрүнүштөргө жергиликтүү бийлик көз салып,жоопкерчиликти алышы шарт»-дейт аталган маалыматта.

Тагыраак айтканда эгерде эс алууга ыңгайлуу болгон аймактарга адамдар барып эс ала турган болсо,ошол чөлкөмдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жоопкерчиликтүү. Ал үчүн, кооптуу абалдарды жөнгө салып, атайын эскертме такталарын илип, белгилерди коюушу зарыл!

Количество просмотров: 32