Бишкек. 24.12.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаков өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тарта тургандыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөнжылдын башында кылмыш ишин козгогон. Депутат «Сузак районундагы Таш-Булакайыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315токтом чыгарган, аны менен айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукулжерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген» деп айыпталууда. Текшерүүучурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганынбилдиришкен.
Анын ордуна мурда “Ата Журттан” депутат болгон 40 жаштагы Өмүрбек Бакировдун келиши күтүлүүдө.