• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыкты

16 Тогуздун айы 201814:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.10.2018.Govori.TV

Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн,  16-октябрь күнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсү №198 дарегиндеги Н. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

На данном изображении может находиться: в помещении

Өрттү өчүрүүгө саат 01:01де КР ӨКМнин Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн (АӨКБ) 1 бөлүм, саат 01:05те кошумча 1 бөлүм, саат 01:10до КР ӨКМнин №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Ал эми өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн.

На данном изображении может находиться: еда

Учурда Өрттүн кетип чыгуу себеби такталууда.

 

Количество просмотров: 13