• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Музыкант Рузахуновду кыйноого алган 4 казак полициясы камалды

15 Чын куран 2024 10:41 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү. Бул тууралуу музыкант социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«4 полиция кызматкери кармалып, камакка алынды (алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун моюнуна алган, экинчиси атайын блогер, журналисттерди жалдап, калпты жайылтууга аракет кылып жатат). Мени менен кошо бир жерде кыйноого кабылган адамдардын саны 22ге жетти», — деп жазды Рузахунов.

Эске салсак, 2022-жылы Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, катуу сабаган.

Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун бети көгала болуп тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

Буга чейин Рузахунов экспертизанын жыйынтыгында казакстандык адистер анын ден соолугуна оор залака келтирилгенин аныктап чыгышканын билдирген.

Количество просмотров: 127