• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Мьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяланды

18 Жетинин айы 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Мьянманын бийлиги мамлекеттин Улуттук күнүнө карата жазасын өтөп жаткан алты миңдей адамга мунапыс берди. Алардын арасында төрт чет өлкөлүк жаран, он бир атактуу киши бар.

Мунапыска илингендердин катарында Мьянманын мурдагы мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжинин кеңешчиси, австралиялык экономист Шон Тернелл, Британиянын экс-элчиси Вики Боумен, америкалык ботаник Кьяу Хтай Оо жана жапон журналисти Тору Кубота бар.

2021-жылдын башында Мьянмада аскердик төңкөрүш болуп, бийликтен өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжи башында турган өкмөт кулатылган. Андан кийин Су Чжи он бир жылга эркинен ажыратылды.

Ошондон бери бийлик нааразылык акциялардын баарын күч менен басып келет. Укук коргоочулардын айтымында, бийликке каршы нааразылык митингдерди басууда эки миңдей киши өлтүрүлүп, он миңден көбү камалган. Ошондой эле ондогон активисттер өлүм жазасына тартылган.

2022-жылдын жайында Мьянманын аскердик хунтасы эл аралык коомчулуктун айыптоосуна карабай демократиячыл төрт активисттин өлүм жазасын ишке ашырды.

Количество просмотров: 132