• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Аспековго мунапыс берди. “Батумини” буздурган Орунтаев кызматтан кетеби?

30 Бугу 2023 19:26 Бишкек Govori.TV

БАКИЕВ КЕЛСЕ КАМАЛАТ

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу талкууларга пикирин билдирди. Жапаров азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айтты.

«Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек», — деди президент.

Жапаров мурдагы президенттин жакындары жөнүндө суроого жооп берип, Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдер дагы камаларын билдирди. Садыр Жапаров Жаныш жана Максим Бакиевдер өмүр бою эркинен ажыратылгандыктан, сот аларды актабайт деп ишенерин кошумчалады.

15-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Мурдагы президенттин маеги коомчулукта нааразылык жаратып, Кадыр Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынын баяндамачысы кызматынан кетип, кийин Биринчи Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешиндеги төрагалык ордун да өткөрүп берген.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.

КАЙРА ШАЙЛОО ӨТӨБҮ?

КР БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров №26 Ленин шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жана добуш сатып алуу фактылары боюнча журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 12 арыз келип түшкөн, ал эми Ниязалиеванын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган. 29-майдын түнүндө Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигине мөөр басылган. Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен. Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

АКТИВИСТ АБАКТАН БОШОТУЛДУ

6 жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аспековдун жаза мөөнөтү 2021-жылы 9-январынан баштап эсептелген.

«Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы 23-майда “Соттолгондорго ырайым берүү” боюнча жарлыгынын негизинде Аспековдун жаза мөөнөтү үч жыл сегиз айга кыскартылган. Аспеков абакта 2 жыл 4 ай 14 күн отурганы жана ырайым менен 3 жыл 8 айы кыскартылганы кошулуп жаза мөөнөтүн өтөдү»,- деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле ЖАМК “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык, ырайым берүү соттолгон адамдын жеке кайрылуусу менен караларын кошумчалады.

Эске салсак, 2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган. Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган.

ОРУНТАЕВ КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Нурдан Орунтаевге депутаттар «Батуми» кафеси боюнча иши козголгондон кийин кызматтан кетээр, кетпеси тууралуу суроо узатышкан.

Вице-мэр тергөө органдарынын чечимине эч ким комментарий берүүгө укугу жок экенин, ал эми кызматтан кетеби, кетпейби, аны депутат чече албай турганын айтып жооп берген.

Эске салсак, Нурдан Орунтаевге «Батуми» кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК төрагасы Ташиевдин тапшырмасы менен “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан. Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган.

Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилгени кабарланган.

СУУГА ТАРИФ ЖОГОРУЛАЙТ

1-июндан тарта Бишкекте муздак сууга болгон тариф жогорулайт. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынганы айтылды.

Маалыматка ылайык, 1 кубометр суу үчүн калк 10,45 сомдон, бюджеттик уюмдар 12,95 сомдон, башка керектөөчүлөр 18,5 сомдон төлөшөт. Саркынды сууларды чыгаруу акысы 3,45 сом, 4,5 сом жана 9 сом болот.

Көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы суу түтүк-канализация тармактарын техникалык тейлөө үчүн (жылына жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн, салыксыз) жашаган тургундар да, ижарага алган керектөөчү ишкерлер да 15,1 сомдон төлөй турган болду.

Белгилей кетсек, муздак сууга тариф акыркы жолу 2019-жылдын ноябрында көтөрүлгөн. Ошол кезде тариф калк үчүн 1,5 эсеге: кубометрине 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин, канализацияга 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин дээрлик эки эсеге өскөн.

Количество просмотров: 251