• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Зарина Төрөкулова эркиндикке чыгат

9 Чын куран 202515:41 Бишкек Govori.TV

Активист Зарина Төрөкулова эркиндикке чыгат. Президент Садыр Жапаров 9-апрелде кол койгон мыйзам менен учурда абакта жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берилди, алардын катарында Төрөкулова да бар.

Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон.

Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган.

Количество просмотров: 292