• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мыйзамсыз баңгизат сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

19 Жалган куран 201913:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.

Араван РИИБнын кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат сатып жүргөн кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Сырт айылынын 1982-жылы туулган тургуну жана ушул эле айылдын 1995-жылы туулган тургуну баңгизат сатуу максатында өздөрүнүн унаасында бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын жанынан 120 грамм баңгизаты табылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө колго түшкөн жарандар баңгизатты Араван районунун 1970-жылы туулган тургуну Н.Д.дан алганын айтышкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Д.нын үйү тинтүүгө алынып, жалпы салмагы 874,65 граммды түзгөн баңгизат жана 1,2 грамм баңгизаттын уругу табылды.

Количество просмотров: 25