Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Стамбул шаарына учуп кеткени айтылууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, депутат Бишкек- Стамбул каттамы менен 23-январда учкан.
Анын чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев да билдирген.
Эске салсак, Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы белгилүү болгон. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.