• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мыйзамсыз кумар оюн жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды

22 Бугу 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө-тергөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, криптобиржы жана криптомайнинга кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, тиешелүү документтеринин уруксаттары жок «Р.Г.» ЖЧКсынын мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган.

Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 67