• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылды. 94 тонна кара куурай өрттөлдү

14 Теке 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

КУМАР ОЮНДАРЫ УЮШУЛГАН ЖАЙ ЖАБЫЛДЫ

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды. Тергөө иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, техникалары алынган. Мындан бир  нече күн мурда Ошто казино иштеп жатканы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча ИИМ ыкчам чараларды көрүп, маалыматты териштирген. Анын жыйынтыгында аталган жай казино эмес, букмекер экени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда онлайн каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.Учурда Бишкек, Ош, Чүй, жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тергөө иштери уланууда.

94 ТОННА КАРА КУУРАЙ ӨРТТӨЛДҮ

Өлкө боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айында «Апийим-2023» операциясынын алкагында «Кара куурай»  аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Анын жүрүшүндө жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1 миң 231 адамдан турган 71 бригада  түзүлгөн. Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг кара куурай орулуп өрттөлгөн.

28 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы сутканын ичинде 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 5, Ош, Ысык-Көл жана Баткен облустарында жана Ош шаарында экиден өрт катталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө 29 күжүрмөн эсеп тартылган.

Количество просмотров: 71