• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024
BPJ11X a teenager playing on an x-box, uk

Тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу көзөмөлгө алынат

12 Үчтүн айы 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу үчүн буйрукка кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 404 “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында чыгарылды.

Иш-аракеттер планы бекитилип, ага мектеп окуучулары, студенттер жана алардын ата-энелери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтерди тартып, аларды жалпы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жайылтуу, лекцияларды, конкурстарды өткөрүү, ата-энелер чогулуштарында кумар оюндарга көз карандылыктын алдын алуу, компьютердик оюндардын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча маселелерин талкуулоо, ошондой эле ден соолукту чыңдоо боюнча спорттук иш-чараларды жана акцияларды уюштуруу кирет.

Количество просмотров: 850