• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мыйзамсыз ок атуучу куралды бекитип алган жаран кармалды

11 Тогуздун айы 2021 16:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз ок атуучу куралды бекитип алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 30-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан Сузак районунун аймагында “Кудаш” аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Алынган маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ок атуучу курал сактаган жаран Сузак районунун 28 жаштагы Т.Х. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Ал Сузак райондук милициясы тарабынан Жазык кодексинин 206-беренеси (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) жана 200-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайда отургандыгы белгилүү болгон.

Т.Х. мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырууга түшүнүк катын берген.

Аталган факт Жазык кодексинин 253-беренесинин (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Т.Х. суракка алынган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2021-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы ат майданынан материалга оролгон ок атуучу курал таап алып, бекитип койгондугун айткан. Арадан бир-эки күн өтүп мурда жасаган кылмыштары үчүн кармалып, убактылуу жайга киргизилгендигин, учурда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырарын билдирген.

Т.Х.нын көрсөтмөсү боюнча жеринде текшерүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Сузак районунун аймагында эски базардын ичинен бир даана ПМ үлгүсүнө окшогон ок атуучу курал материалга оролгон абалда табылып алынган.

Алынган ок атуучу куралга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, ок атуучу курал Жалал-Абад облустук милициясынын ыкчам криминалистикалык бөлүмүнүн эксперттерине тапшырылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 162