• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар табылды

26 Бирдин айы 2024 16:54 Бишкек Govori.TV

Ошто мыйзамсыз сакталган курал-жарактар жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куралдар Ош ОИИБ тарабынан жүргүзүлгөн «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында алынган.

Анда кызматкерлер ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө алынган ыкчам маалыматтардын негизинде мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок-дарылар алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга мыйзамга ылайык, протоколдор түзүлүп, жалпы 126 миң сом айып салынды.

«3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ош ОИИБ Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренесинде («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») жана 268-беренесинде («Куралды мыйзамсыз сактоо») белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.

Количество просмотров: 99