ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келген дары дармектер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 21-январында эл аралык “Манас” аэропортундагы “КММ” ЖАКнын убактылуу сактоо кампасында “Г.Э.” ЖЧКнын дарегине үчүнчү өлкөдөн келген жалпы салмагы 30,2 кг болгон декларацияланбаган ар кандай дары дармектердин түрлөрү, медициналык буюмдар жана 27 пачка кальян тамекиси табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.