Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 262 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдикти таап, тартып алды. Алардын болжолдуу баасы 51 миллион сом деп бааланган.
Бул факты ишкердик субъекттерге ылайык териштирилип, бюджетке 1,2 миллион сом өндүрүлгөн.
Кыргызстанда соңку жылда алкоголдук продукция өндүрүү эки эсеге кыскарган. Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 2 миллион 959 миң декалитр алкоголдук ичимдик өндүрүштөн чыккан. Бул көрсөткүч 2019-жылы 5 миллион 106 миң декалитр болгон.