Мыйзамсыз жарнама такталары алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.
«Алгач атайын бөлүм Дэн-Сяопин проспектиси жана П.Лумумба көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган 52 жарнама конструкциясын алды.
Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Карпинский көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, К.Баялинов көчөсү жана Ю.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги 34 жарнама штендери жана 20 баннер алынып салынды», — деп айтылат маалыматта. .