• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды (тизме)

3 Теке 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлоо аземи 3-июлда Салык кызматынын имаратында Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.

Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2023-жылдын 5 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 15 компания аталды:

өндүрүш жана курулуш жаатында – «АДЖИ-СЕРВИС» ЖЧК, «Торгово-финансовый Холдинг Пром Инвест» ЖЧК, «Аслан Кабель» ЖЧК, «Карибе Юг» ЖЧК, «Кул Брос» ЖЧК, «Жаныбек Айтматова» ЖЧК;

соода жана тейлөө жаатында – «РСК Банк» ААК, «Яндекс.Такси Корп» ЖЧК, «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК, «Фуд Дрим» ЖЧК, «Бир айыл – бир продукт» коомдук бирикмеси, жеке ишкер Ракия Асанбаева, «Баткен билим берүү борбору» мекемеси, Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы;

айыл чарба жаатында – «Агро Куш» ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Сертификаттарды тапшыруунун жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкон жана республиканын салык мыйзамдарын так сактаган ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө зор урмат-сый менен мамиле кыларын белгиледи.

«Сиздер ак ниеттүүлүк менен жасап жаткан ишиңиздер аркылуу санариптештирүү долбоорлорун, өзгөчө электрондук эсеп-фактураны жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды ийгиликтүү киргизүүгө көмөк көрсөтүп жатасыздар. Кыргызстанда бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл өбөлгөлөр түзүлдү деп ишенимдүү айта алабыз, бул бардык ишкерлер салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөгөн учурда гана ишке ашат. Ал эми таза бизнес – бул өнүккөн экономика, жарандардын бакубатчылыгы жана бакубат өлкө. Бул – аксиома», – деди А.Абдувапов.

Ал ишкерлерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, аларга ийгиликтерди жана бизнесинин мындан ары гүлдөп өнүгүшүн каалады.

Количество просмотров: 207