• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мына маданият! Футболдон кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетишти

14 Жетинин айы 2019 21:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында Кыргызстан менен Япония беттеши өттү.

Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп,  18 миң киши бата турган стадиондо футбол күйөрмандарынын көп экенин көрүүгө болот.

Беттештен кийин күйөрмандар стадионду тазалап кетишти. Тазалык ишканасынын жумушчулары ишке чыгып тан калышты.

«Кыргызстан менен Япониянын мелдеши бүткөндөн кийин эски аянтта күйөрмандар зонасы таза бойдон сакталды. Таштандыларды атайы челектерге ыргытышты. Биз көп деле тазалап убара болгон жокпуз. Тазалык үчүн рахмат!», — деп жазды Тазалык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева.

Количество просмотров: 5686