• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Мындан ары «Токтогулдагы» суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт

30 Бугу 202512:09 Бишкек Govori.TV

Буга чейин “Электр станциялары” ачык акционердик коому күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу.

Аталган компания суу сактагыч стратегиялык маанилүү объекти болгон үчүн андагы суунун көлөмү жөнүндөгү статистикалык маалыматтар да ачык жарыяланбай турганын билдирген.

Мындан ары ГЭСтеги суунун көлөмү боюнча статистикалык маалыматтарды алыш үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга расмий кайрылуу керек.

Соңку маалымат 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 млрд куб метр экени айтылган.

Количество просмотров: 296