• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

5 Үчтүн айы 202314:04 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 см кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган.

Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 214