• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мырзаев: 20 жыл аралыгында такталбаган чек ара тилкелердин саны 70тен 9га түштү

15 Бирдин айы 2021 19:03 Бишкек Govori.TV

20 жыл аралыгында такталбаган чек ара тилкелердин саны 70тен 9га түштү. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдулат Мырзаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттер аралык түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштерден улам 20 жыл аралыгында такталбаган 9 участок калды.

«69-70тен ашык участок тактоо жана алмашуу жолу менен азайтылды. Өзбекстан менен такталган 1 миң 170 чакырымдын айрым жерлерин кыргыздар пайдаланып келген, интернет булактарынан да айтып келүүдө. Туура, бирок документте ал жер кошуна өлкөнүн жери деп белгиленген. Ошол эле Жалал-Абаддын Кара-Белес жана Көк-Серек участогу юридикалык документтер боюнча Өзбекстанга таандык. Ал эми Абадан участогу картографияга ылайык, Кыргызстанга таандык, бирок өзбек тарап пайдаланып келет. Бул жер боюнча сүйлөшүүлөр болуп, алмашуу жолу менен чек ара такталган», — дейт ал.

Теги:
Количество просмотров: 199