• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өнүгүү жолуна түштү делген экономика чыныгы турмушта байкалбайт

6 Жетинин айы 2018 17:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.11.2018.Govori.TV.
Премьер-министр  Абылгазиевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында 2018-жылдын январь-сентябры үчүн өлкөнүн экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланды.
М. Абылгазиев бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көп көңүл буруу керектигин айтып бул тармакта бир катар жетишкендиктер болгонун белгиледи.
Ал эми экономика министри Олег Панкратов “Кумтөрдүн” кирешесинин азайып кеткенин айтып кейиди.
Өкмөт башчы Панкратовго жооп кылып өлкө экономикасы бир эле ишкананы карап калбашы керектигин айтып, жылдын аягына чейин бир катар ишканалар ачылаарын кошумчалады.
Аталган жыйында 9 айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн экономикасы өнүгүү жолуна түшкөнү айтылганына карабастан чыныгы турмушта реалдуу өсүш өтө деле байкалбайт.

Количество просмотров: 30