• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Надира Нарматова: «Кетсин,кетсин,кетсин «-деп, кыйкыргандар,өздөрү ким?

5 Теке 201912:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Өзү теңелбесе да сөзү теңелет- демекчи, «Кетсин,кетсин,кетсин «-деп, кыйкыргандар, өздөрү ким? Мамлекетке кандай эмгек кылды,эмне пайда келтирди, коомдогу орду, бирөөгө сын такканга жараша ,өзүнүн канчалык сый урматы бар, арты тазабы? Чуулгандуу окуялары жокбу? Мындай суроо менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Надира Нарматова социалдык түйүндөгү жеке баракчасында кайрылды.

Анда ал, “2010- жылы Мамлекеттик бийлике,карапайым калктын бир бөлүгү менен төңкөрүш жасап, иштеп турган бийликти кубалап чыгып,УӨ куралып,өзүнүн декреттери менен мыйзамсыз болсо да, парламент,өкмөттү таратып,толук кандуу жоопкерчиликти алып ,өзүнүн бийлигин жүргүзгөндүгү тарыхта белгилүү. Ой келет экен. УӨ жана андан кийинки бийликти колуна алган Президенттер ,кубалаган бийлике караганда,мамлекетке кандай таза бийликти орнотту,кандай өзгөрүү,өсүштөр болду. Мурунку бийлике салыштырмалуу өзгөчө жаңылыктарды киргизе алдыбы деген сыяктуу. Бирок 9 жылдык мөөнөттө,өздөрү өткөргөн мөөнөткө,өздөрү ыраазы болбой,кайра эле митинг өткөрүп,оппозиция болуп,түрдүү нараазычылыктарды билдирип,нараазычылык акцияларды өткөрүп жүрүшкөнү таң калтырат»-деп айткан.

«»Соке болбой калды»-деп, митинг өткөрүп,ыплас сөздөр менен кетсин,кет эле кет деп,кошуналарга маскара болдук. Көрө албастык,ичитардык,өзүмчүлдүк, регионалдык,трайбалисттик сапатыбыздан аарыла албай, 2010- жылкы абалга кайра туш болуп калбайлы»- деген пикирин ортого салды.


Количество просмотров: 13