• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Надырова: Аялдардын 30 пайыздык квотасы киргенден кийин бир топ жакшы иштер жасалды

19 Бирдин айы 2023 16:38 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 55 жаштагы Сабриниса Надырова, ал Лейлек районунан келген.

«Кулуңду айылдык кеңештин депутаты, төрагасынын орун басарымын. Өзүм 36 жылдан бери медицина кызматында эмгектенип келе жатам. Ушу эки чакырылыш депутаттык мезгилимде мен өзүбүздүн айылдын көйгөйлөрүн чечүүдө катышып келем. 7-чакырылышта аялдардын 30% квотасы киргенден кийин абдан көп жакшы иштер жасалды десем болот. Азыр 31 депутаттын ичинен 12си аялдар. Бюджет бөлүштүрүүдө айылдын социалдык маселелерине көбүрөөк көңүл буруп, бул тармакта эмгектенип келе жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 424